/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу кол өнөрчүлүк
Бэбэзы / Чач бастыргыч

«Бэбэзы» – чач бастыргычтар. Алар келиндин салттуу чач жасалгасын жасоодо, ошондой эле аялдар тарабынан конокко барганда кооздук жана башка майрамдык иш-чараларда колдонулган. Чач бастыргычтар ар түрдүү таризде келип, мисалы, «фынхуан» – феникс кушунун сүрөтү менен кооздолгон. Феникс кушу аялзаттын назиктигин, узак өмүрүн жана көп балалуу болуусун тилеген белги болгон. Мындан тышкары, «фынхуан» сүрөтү жаман күчтөрдөн сактаган тумар катары да кызмат кылган.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери
  • Кол өнөрчүлөр
  • Зергерлер

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралары аткарылбайт.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Шинло, Л. Т. Культура и быт советских дунган. – Фрунзе: Илим, 1965.