/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу кол өнөрчүлүк
Җуәзы / Билерик

«Җуәзы» – күмүштөн же алтындан жасалган билерик. Көбүнчө бир бүтүн темирден куюлуп, билектин сырт жагына туш келген жеринде кичине тешиги болот. Айрымдары эч кандай кооздуксуз жасалса, кээ бирлери гүл сыяктуу оймо-чиймелер менен жасалгаланат.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери
  • Кол өнөрчүлөр
  • Зергерлер

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралары аткарылбайт.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Шинло, Л. Т. Культура и быт советских дунган. – Фрунзе: Илим, 1965.