«Ми тон» – күрүчтөн жасалган суусундук, «хуонми тон» – таруудан жасалган суусундук. Бул суусундуктарга туз же башка кошумчалар салынбайт. Аларды чыпкалабай эле муздатып, жайкы ысыкта, күнүмдүк турмушта же талаа иштеринде ичишет.
Төрөгөн аялдарга таруунун суусундугун төрөттөн кийин дароо беришет, анткени анын дарылык касиети бар деп эсептелет жана организмдин калыбына келишине жардам берет деген ишеним артылат.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет