«Щи» – бул көп түрдүү даамдардан турган топтом. Анын курамына ар кандай чүчпаралар, эт котлеттери, кесилген эт, кычкыл-татымалдуу эт сорпосуна бышкан күрүч кошулат. Көбүнчө «Щи» 9, 12, 18, 24 же 36 түрдүү даамдан турат жана салат менен бирге майрамдык учурларда гана берилет.
«Щи» деп атаганы кытай тилинде «кубаныч» деген сөзгө үндөш. Чындыгында мааниси «дастаркон, той» дегенге жакын. Ошол себептен бул топтомго ар кандай тамактар кириши мүмкүн. Бардыгы эт сорпосунун жана бууланган күрүчтүн коштоосунда тартылат. Айрым жергиликтүү дунгандар «щиге» кошумча лагман, манты, куурулган балык, тоок этин да кошо беришет. Башкача айтканда, дунган ашканасынын миң түркүнү катары кабылданат.
Ал эми ганьсуйлук дунгандарда «щи» курамына эттин алты түрдүү котлети жана эки түрдүү эт кесиндиси салат менен кошо кирет.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет