/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу тамак-аш
Ющён

«Ющён» – ырым май токочу. Маркумду эскерүү маалында дасторконго күнүмдүк тамак-аш коюлат, бирок сөзсүз түрдө майга куурулган «ющён» коюлушу керек.

Май токочку бышыруу алдында жайылган камырдын ортосуна коштош эки тилке кесилет. Көбүнчө үч, беш, жети сыяктуу санда бышырылат. Май токочтор дасторкондун үстүнө гана эмес, тууган-урукка, кошуна-колоңго, тааныш-билиштерге да таратылат. Азыркы учурда «ющён» менен катар кыргыздардын «боорсогу» да кеңири колдонулууда. Эл арасында «маркумдардын жаны майдын жытынан азык алат» деген ишеним жашайт.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери
  • Кесипкөй ашпозчулар жана салттуу даам сүйүүчүлөрү

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар чанда аткарылганы менен салттуу дунган ашканасы боюнчадаам-тамактарды даярдоо китептери чыккан.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Юсурова З. Г. Дунгандардын тамак-ашынын рецепттери. – Бишкек, 2016.
  • Юсуров Х. Ю., Юсурова З. Г. Дунгандардын ашканасы. – Фрунзе: Кыргызстан, 1988.