/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу тамак-аш
Нэзы, суан нэзы

«Нэзы, суан нэзы» – жаңы саалган сүт жана кычкыл сүт. Кычкыл сүттү жайкысын муздак суу менен аралаштырып, суусундук катары ичишет. Бирок дунган ашканасында сүт азыктары  маанилүү орунду ээлебейт. Айрымдар муну Кытайдагы элдин лактозаны сиңире албаганы менен түшүндүрүшөт. Бирок дунгандарда андай көрүнүш байкалбайт. Башка себептеринин бири –Кытайдын ички аймактарында уй багуунун чыгымы көп болгон деп эсептелген. Ошондуктан сүт азыктары кеңири жайылган эмес.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери
  • Кесипкөй ашпозчулар жана салттуу даам сүйүүчүлөрү

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар чанда аткарылганы менен салттуу дунган ашканасы боюнчадаам-тамактарды даярдоо китептери чыккан.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Юсурова З. Г. Дунгандардын тамак-ашынын рецепттери. – Бишкек, 2016.
  • Юсуров Х. Ю., Юсурова З. Г. Дунгандардын ашканасы. – Фрунзе: Кыргызстан, 1988.