«Данго» – тооктун жумурткасы менен сүттү кошуп, үстүнө кант кошуп жасалган таттуу азык. Жумуртка менен сүт аралаштырылып, көбүктөнгөнчө чалынып, анан чуңкур идишке куюлат да, бууга коюп бышырылат. Бышып бүткөндө бирдиктүү килкилдекке айланат. Үстүнө мейиз себилет. Муздагандан кийин формасын сактап турат, кремге окшош жумшак болот. Десерт катары жешет.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет