/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу тамак-аш
Цо мян

«Цо мян» – куйрук-майга куурулган ун. Анын үстүнө суу куюп даярдагандан кийин ар түрдүүчө колдонулат:

  • Аз көлөмдө сууга аралашса, ботко сыяктуу желет;
  • Орто көлөмдө сууга аралашса, шорпо болуп ичилет;
  • Көп сууга аралашса, кадимки чай катары колдонулат. Бул учурда «ю ца» деп аталат, мааниси – «майлуу чай».
  • Кээде ичине майда тууралган туздалган калемпир же жузай кошулушу да мүмкүн.

Бул азык үйдө күнүмдүк тамак катары гана эмес, көчмөн турмушта, сапарларда жеңил жана тез даярдалуучу азык катары да колдонулган.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери
  • Кесипкөй ашпозчулар жана салттуу даам сүйүүчүлөрү

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар чанда аткарылганы менен салттуу дунган ашканасы боюнчадаам-тамактарды даярдоо китептери чыккан.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Юсурова З. Г. Дунгандардын тамак-ашынын рецепттери. – Бишкек, 2016.
  • Юсуров Х. Ю., Юсурова З. Г. Дунгандардын ашканасы. – Фрунзе: Кыргызстан, 1988.