«Санзы» – ичке чоюлган камырдын жарым тегерек оролуп, майга куурулган даам. Негизинен даамды Орозо айтка арнап даярдашкан.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет