/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу тамак-аш
Җюцэ хә

«Җюцэ хә» – ачыган камырга майда тууралган жусай кошулуп куурулган май токоч. Ал жаз-жай айларында, жусай өскөн маалда жасалат. Жусай («җюцэ») – дунгандар Кыргызстанга өзүлөрү менен ала келген бакча өсүмдүгү катары саналат. Эл ичинде аны «жыпар жусай», «порей пияз» деп да аташат. Айрым учурда, «жюцэ хә» курамына куурулган эт же болсо куурулган жумуртка кошулат;

Бул даам дунган элинин жазгы тамак-аш маданиятын айкын чагылдырып турган көрүнүктүү салттуу азык.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери
  • Кесипкөй ашпозчулар жана салттуу даам сүйүүчүлөрү

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар чанда аткарылганы менен салттуу дунган ашканасы боюнчадаам-тамактарды даярдоо китептери чыккан.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Юсурова З. Г. Дунгандардын тамак-ашынын рецепттери. – Бишкек, 2016.
  • Юсуров Х. Ю., Юсурова З. Г. Дунгандардын ашканасы. – Фрунзе: Кыргызстан, 1988.