«Ющён» – майлуу нан. Бул нан күнүмдүк тамак үчүн эмес, көбүнчө маркумду эскерүү учурда колдонулат. Дунгандардын салттуу ишениминде: көзү өткөн адамдардын жаны майдын жытынан азыктанат. Кыргыз-казак элдеринин «боорсогу» сымал.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет