/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу тамак-аш
Гуәкуй мәмә

«Гуәкуй мәмә» – казандын ичинде же эки көмөчтүн ортосунда көмүрдө бышырылуучу токоч. Бул токоч дунгандардын маданияты менен каада-салтында чоң мааниге ээ. Аны көбүнчө үйлөнүү тоюнда, диний ырым-жырымдарда жана куран окутканда дасторкондун башына коюлат.

«Гуәкуй мәмә» жасоо – берекени, коноктоо каада-салтын билүүнү жана ата-бабаларга урмат көрсөтүүнү билдирет.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери
  • Кесипкөй ашпозчулар жана салттуу даам сүйүүчүлөрү

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар чанда аткарылганы менен салттуу дунган ашканасы боюнчадаам-тамактарды даярдоо китептери чыккан.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Юсурова З. Г. Дунгандардын тамак-ашынын рецепттери. – Бишкек, 2016.
  • Юсуров Х. Ю., Юсурова З. Г. Дунгандардын ашканасы. – Фрунзе: Кыргызстан, 1988.