«Афла» – ал-Мухаррам айынын алгачкы он күндүгүндө белгиленет. Бул күнү «афла фан» деп аталган тамак даярдалат, анын курамына жети түрдүү дан жана буурчак кошулат.
Уламышка ылайык, Пайгамбардын кызы Фатима күйөөсү Алинин жоого кеткенинде, азыгы түгөнүп калат. Балдарын ачкадан алаксытуу үчүн ал казанга ар түрдүү түстөгү таштарды салып, тамак бышырып жаткандай кылып отко коёт. Муну көргөн Пайгамбар Мухаммед дуба кылып жибергенде, казандагы таштардын ордуна жети түрдүү дан жана буурчак пайда болот. Ошондон тарта ал айдын алгачкы он күнүндө «афла фан» бышыруу салтка айланып калган.
«Афла» бүгүнкү күндө да кеңири жайылган майрам, аны жыл сайын диний ишеними күчтүү дунган коомдоштуктары аткарып келет.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет