Сүннөт той – бул дунган элинин диний жана маданий турмушундагы маанилүү окуя, уул баланы сүннөткө отургузуу жөрөлгөсү. Бул жөрөлгө баланын мусулман коомчулугуна расмий кошулуусун билдирет жана исламдын руханий дүйнөсүнө жакындаганы катары кабылданат. Жөрөлгө мусулман салтына ылайык өткөрүлүп, дунган коомчулугуна таандык өзгөчө көрүнүштөр менен коштолот.
Дунгандарда уул баланы көбүнчө 3, 5 же 7 жашында сүннөткө отургузушат. Бирок айрым учурда баланын даярдыгына же үй-бүлөлүк жагдайларга жараша мындан эрте же кечирээк да жасалышы мүмкүн. Ата-энеси бул үчүн тажрыйбалуу адисти чакырышат (көбүнчө мусулман дарыгер же жамаатта урмат-сыйга ээ, бул иштин ыкмаларын билген улуураак киши). Жөрөлгөгө чейин балага салттын мааниси түшүндүрүлүп, моралдык жактан даярдалат.
Жөрөлгө башталардан мурда дуба окулат, анда балага жакшы тилектер тиленет. Сүннөттөө сөзсүз санитардык шарттарды кармап, үйдө же медициналык жайда жасалат. Жөрөлгөдөн кийин үй-бүлө чоң той уюштуруп, тууган-уругун, кошуна-колоңун жана досторун чакырат. Салттуу дунган даамдары, миласы «тонҗянмян» (лапша), куурулган жашылчалар, баоцзы (манты) жасалат. Бирок азыркы кезде көбүнчө палоо берилет. Коноктор балага белек тартуулашат (көбүнчө кийим-кече, акча же башка таттуулар).
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет