Баланын төрөлүшү – «сын-ён» – үй-бүлө үчүн маанилүү окуя. Бала төрөлгөндөн кийин үчүнчү күнү «ахун» чакырылып, Куран боюнча дуба окулат жана ысым ыйгарылат – «Җин мир» («Китептеги ысым»). Бул учурда атасы баланы баш жагын оң колуна коюп көтөрөт. Бөбөктүн башындагы топусун кыйшайта бүктөп, кулактарын ачат. Дин кызматкери азан окуп, бөбөктү үйлөп, андан соң оң кулагына эңкейип атын айтат. Кайрадан дуба окуп, бул жолу атын сол кулагына кайталап айтат.
Эгер үй-бүлө көп балалуу болсо, Куран боюнча берилген ысымдан тышкары балага улуулук ирети менен ысымдар коюлушу мүмкүн: «Дагә» – «Улуу ага», «Даҗе» – «Улуу эже»; «Лоэр» – «Экинчи уул», «Эрҗе» – «Экинчи кыз», «Ловар» – «Кичүү уул», «Лоҗер» – «Кичүү кыз».
Кыздарга көбүнчө жакшы тилек менен ысымдар берилет. Мисалы: «Хуахуар» – «Кооз гүл», «Цунҗер» – «Акылдуу, зирек кыз». Бирок уулдарга мындай маанилүү аттар сейрек берилген.
Кырк күндүк салтка ылайык, төрөгөн энени алгачкы он күндүн ичинде өз энеси гана көрө алат. Андан кийинки он күндүктө төрөгөн энени жана бөбөктү жакын туугандар жана эң жакын достору гана көрө алышат. Ал эми алысыраак тууган-туушкандарды жана кошуна-колоңдорду ымыркайга кырк күн толгондон кийин гана киргизүүгө уруксат берилген.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет