/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу музыка
Михузы, эрхузы, санхузы, сыхузы

«Михузы, эрхузы, санхузы, сыхузы» – скрипкага окшош келген тартма кылдуу аспаптар. Алар эки-үч-төрт кылдуу болуп, атайын тарткыч менен ойнолот. Туркусу, адатта, цилиндр түрүндө жасалат. Мойнунда лады жок, кылдардын чыңалышын жөнгө салуучу какмалары бар келет.

Аймак

Чүй облусунун Александровка жана Милянфан айылдарында кездешет.

Абалы

Жоголуу коркунучунда

Коомдоштук

  • Чүй облусунун Александровка жана Милянфан айылдарында жашаган дунгандар
  • Салттуу аспапчылар жана аспап сүйүүчүлөр
  • Салттуу музыка сүйүүчүлөрү
  • Салттуу билим ээлери

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар дээрлик аткарылбайт.
  • Бүгүнкү күндө Кыргызстанда салттуу аспаптарды колдонуу барган сайын азайып баратат.

Адабият/Шилтеме

  • Сушанло М. Я. Дунгандар. – Фрунзе : Илим, 1971.
  • Талаа материалдары