/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы
Щечузы / Ырлар

«Щёчүзы» (ырлар) дунган элинин оозеки мурастарынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Алардын түрлөрү ар түрдүү: лирикалык-эпикалык, аялдар ырлары, эмгек ырлары, сатиралык жана тамаша ырлары, турмуштук ырлар, баатырлар жөнүндө ырлар, эркектердин жана аялдардын кошоктору. Булардын ичинен эң кеңири тараганы – лирикалык ырлар. Алар жумшак, муңдуу жана адамдын ички дүйнөсүнө терең сүрөттөгөнү менен айырмаланат.

Салттуу дунган ырлары Кытай тарыхы жөнүндө, эмгек турмушу жөнүндө, элдин тагдырындагы кыйынчылыктар жөнүндө баяндайт. Ошондой эле тамаша ырлары менен сатиралык жанрлар да орун алган. Көпчүлүк чыгармалардын башкы каармандары аялдар болуп, алардын тагдырлары, мүнөздөрү сүрөттөлөт. Мисалы, «Нанчёр дан фи», «Шысур лон», «Маву гә гә» ырларында жаш кызды жаш балага күйөөгө берүү каадасы чагылдырылат. Мындай никелер келинди үй-бүлөгө акысыз жумушчу алуу максатында түзүлгөн. Кээ бир ырларда тамаша түрүндө болсо, башкаларында кайгылуу окуялар сүрөттөлөт.

Эркектер ырдаган чыгармалардан «Чў мын жын» («Селсаяк») аттуу ыр белгилүү. Бул ырда өз үйүн сагынган адамдын сезимдери баяндалат, ал үй-бүлөсүн түшүндө гана көрө алат. Ошондой эле эркек менен аял жер иштеткен дыйкандардын дуэт ырлары бар, алардын мазмуну эмгектеги оорчулуктардан тартып, үй-бүлөлүк мамилелерге чейин ар түрдүү чагылдырылат.

Көптөгөн байыркы ырлар жаратылыш жыднаамасы менен да байланышкан. Ар бир куплет жыл айларынын аталышына байланышат. Ырларда табияттын жана гүлдөрдүн кооздугу даңазаланат: аларды үзбөй, болгону көрүп ырахат алуу керек деп айтылат. Бул философия гүлгө гана эмес, жашоонун бардык тарабарына тиешелүү. «Фон фынзы» («Батперек учуруу») аттуу ырда дунгандардын кытай маданиятына байланышкан жазгы каадасы сүрөттөлөт. Илгери дунгандар батперекти адатта жылдын үчүнчү айында, жазгы күн менен түн теңелген маалда (чунфын – Борбор Азияда Нооруз деп аталган) учурушкан. Бул ырда кыштан жазга өтүү, ошондой эле адамдын тагдыры асманда учкан батперекке салыштырылат. Тагдыр шамалга жараша багыт алып, учуп кетет, бирок анын учушун адам өзү көзөмөлдөшү керек дегенди баяндайт.

Ал эми Совет доорунда жаралган ырлар болсо оптимисттик маанайда болуп, заманбап массалык жанрлардын таасири менен жазылган.

Мисалы

  • Мын җя нүр («Мын үй-бүлөсүнүн кызы») – Кытай дубалын куруу мезгилинде жаралган ыр. Каармандын күйөөсүн үйлөнгөндөн кийин дароо курулушка алып кетишкени жөнүндө баяндалат.
  • Щифурди ви чү («Кайгылуу келиндин ыры») – байыркы чоң үй-бүлөдөгү кыздын турмушу, иерархиядагы орду, күнүмдүк түйшүгү жана ата-энесин, бир туугандарын сагынышы тууралуу.
  • Дищүн сангә жын («Үч бир тууган») – бир туугандардын ортосундагы мамиле жөнүндө.
  • Фон фынзы («Батперек учуруу») – аба жылан (батперек) аркылуу адамдын тагдыры салыштырылат: батперек шамалга жараша учса да, анын багытын адам өзү көзөмөлдөшү керектиги айтылат.
  • Бый йүр («Ак балыкча») – кызды балыкка салыштырып, аны кармоо кыйын, бирок ал турмушту кооздойт деп сүрөттөйт.
  • Молизы хуар («Жасмин гүлү» же «Алма гүлү») – аялдын сулуулугун гүлгө салыштырат: кооздукка суктануу керек, бирок аны үзүп, жок кылбоо зарыл. Бул ой жашоонун бардык жагына тиешелүү.
  • Йи дур ню («Эки бука») – кедей дыйкандын турмушу жөнүндө ыр. Ичинде тамаша көрүнүштөр болсо да, кедейлик жашоодогу майда нерселерди да чоң кыйынчылыкка айлантарын көрсөтөт.
  • Вонгар фон ён («Вангар койчу») – ар кандай аба ырайына карабай кой кайтарган чабандын ой-толгоолору, анын үй-бүлөсүнө болгон сагынычы.
  • Нан чер дан фи («Түштүк көпүрөдөн суу ташыган кыз») – Лан Йүлян аттуу кыздын булактан суу ташыганы баяндалат.
  • Җуон җян хан – эркек менен аял дыйкандардын дуэти. Ырдын мазмуну эмгектеги оорчулуктардан үй-бүлөлүк мамилелерге чейин баяндалат.
  • Щү хәбар («Тумар тигүү») – «щү» сөзү тигүү менен катар эле өзүнө жана үй-бүлөсүнө тумар жаратуу деген маанини берет.
  • Вә сун дагә («Бир тууганымды (сүйгөнүмдү) узатып барам») – сүйүшкөндөрдүн мамилеси жөнүндө ыр. Элдик каада боюнча сүйгөндөр бири-бирин «бир тууганым» деп аташкан. Ырда кыз жигитти дөңсөөлөрдөн жана дарыядан өткөрүп узатып бара жаткан учуру сүрөттөлөт.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдары, Токмок шаары. Ысык-Көл облусуна караштуу Ырдык айылы. Ошондой эле Бишкек, Каракол шаарларында жана Кыргызстандын башка айрым шаар-кыштактарында кездешет

Абалы

Жандуу жана кеңири колдонулат

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Дунган тили жана адабияты боюнча адистер жана тил таануучулар
  • Ышкыбоз ырчылар жана дунган оозеки чыгармачылыгын сүйүүчүлөр

Коргоо иштери

  • Бүгүнкү күндө бул ырлар Чүй жана ЫсыкКөл облустарындагы дунган коомдоштуктарында негизинен ышкыбоз ырчылар тарабынан аткарылат.
  • Ошондой эле бир катар жарык көргөн материалдар бар: ноталар жыйнагы, ырлар жыйнагы, ырлар жазылган диск жана Кыргыз улуттук радиосунун фондунда сакталган архивдик үн жазуулар.
  • Ырларды элдик оозеки чыгармачылыктын бир бөлүгү катары илимий изилдөө аракеттери да жасалууда жана бул багытта бир топ макалалар жазылып, жарык көргөн.

Адабият/Шилтеме