Баатырдык поэмалар жана баяндар дунгандардын маданиятында муундан муунга оозеки түрдө өтүп келген. Аларда жалпы кытайлык эпикалык сюжеттер кайрадан иштелип чыккан. Мисалы, «Сан гуй» («Үч падышачылык»), «Ма Да-жын аскер башында» жана башкалар.
«Сан гуй» / «Үч падышачылык» чыгармасы Мин доорунун башында жашаган Ло Гуаньчжун аттуу жазуучуга таандык тарыхый романдын негизинде түзүлгөн. Анда биздин замандын 169–280-жылдарындагы окуялар сүрөттөлөт. Башкы каармандардан экөө бири-бирине карама-каршы коюлат: Лю Бый оң каарман катары көрсөтүлсө, Цо-цо амалкөй, айлакер жана куу адам катары берилген.
Мындай оозеки чыгармаларды көбүнчө үйлөнүү тоюнда айтып беришкен. Анда элди көңүл ачкан баянчы «фә фуди» – «китепти кайрадан баяндагыч» деп аталган. Бул чыгармалар өз табияты боюнча ааламдык түшүнүктөрдү, тарыхый, саясий, диний, турмуштук жана башка элдик дүйнөтаанымга тиешелүү маалыматтарды камтып турган.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдары, Токмок шаары. Ысык-Көл облусуна караштуу Ырдык айылы. Ошондой эле Бишкек, Каракол шаарларында жана Кыргызстандын башка айрым шаар-кыштактарында кездешет
Унутта калган