«Гансу хуа» – сөзмө-сөз которгондо «Ганьсу тили» дегенди билдирет. Бул аталыш Кытайдын Ганьсу провинциясынан алынган. Кыргызстанга көчүп келгенге чейин бул аймакта жашаган дунгандар ушул диалектте сүйлөшкөн. Ганьсу диалекти Борбор Азиядагы дунгандар үчүн адабий тил катары кабылданат. Анткени дунгандардын жазуу адабияты дал ушул диалектке таянган, ал эми алгачкы чыгармалардын авторлору да ганьсу диалектисинин билим ээлери болгон.
Ганьсу диалектинде сүйлөгөн коомдоштуктар жана билим ээлери Кыргызстанда негизинен Чүй жана Ысык-Көл облустарында жашашат. Тактап айтканда, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Александровка айылында, Ысык-Ата районундагы Милянфан айылында жана Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында отурукташкан. Мындан тышкары, Бишкек, Токмок, Каракол шаарларында жана башка айрым айыл-кыштактарда да да чачырап отурукташкан.
Жандуу жана кеңири колдонулат