/ Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу оюндар
Жашынмак

Жашынмак – жаш балдардын көнүл ачуу оюндарынын бири. Бул оюн азыр да дене тарбия сабактарында колдонулат, байыртадан бери ойнолуп келген. Көбүнчө кыздар арасында кеңири тараган. Жашынмак балдарды чыдамкайлыкка, акыл менен ойлонууга жана чечкиндүү аракет кылууга тарбиялайт.

Оюн эрежеси

Бир оюнчу негизги оюнчу болуп дайындалып, 1ден 50гө чейин санайт, ошол маалда калган оюнчулар жашынышат. Саноо бүткөндөн кийин негизги оюнчу жашынгандарды издеп табат. Эгер ал бирөөнү тапса, анын атын катуу айтып, белгиленген марага чейин чуркайт. Жашынган оюнчу да ошол марага жетүүгө аракет кылат. Эгер жашынган оюнчу негизги оюнчудан мурун жетсе, ал негизги оюнчу болуп калбайт жана оюн аягына чейин күтөт. Негизги оюнчу биринчи жетсе, жашынган оюнчу кармалган болуп эсептелет.

Аймак

Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет

Абалы

Жандуу

Коомдоштук

  • Салтуу кыргыз үй-бүлөлөрү
  • Салттуу билим ээлери
  • Мугалимдер жана дене тарбиячылар
  • Фольклордук ансамблдер жана этномаданий бирикмелер
  • Салтуу жаштар уюмдары жана бирикмелери
  • Спорт федерациялары

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар чанда кездешкени менен мурас жөнүндө маалымат адабий булатарда, илимий макалаларда жана дене тарбия сабактарына ылайыкталган окуу программаларында кездешет.
  • Айрым бакчалардын жана мектептердин дене тарбия сабагынын окуу программасына кирет.
  • Маданий иш чараларда, майрам-салтанаттарда маданий мурас катары көрсөтүлүп, ойнолуп келет.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү иретинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Алимбеков А. Кыргыз этнопедагогикасы. Б., 1996.
  • Анаркулов Х.Н. Кыргыз эл оюндары. – Ф., 1981.
  • Максутов Т. Мырсабеков А. Улуттук педагогиканын негиздери. – Ош, 1996.
  • Саралаев М. Кыргыздын улуттук спортунун түрлөрү. Ош, 1993.
  • Сейдалиев К. Элдик педагогиканын булактары. – Ош, 1998.