Чатырашмай – колдун кыймылын жөнгө салуучу балдар оюндарынын бири. Бул оюнда орточо жоондуктагы жөнөкөй жип колдонулат. Жиптин учтары түйүлүп, оюнчуну аны эки колунун манжаларына илип, улам чатыраштырып белгилүү бир таризге келтирет. Ал эми экинчи оюнчу ошол тариздеги жипти кылдаттык менен илип алып, жипти чатыраштырбай жаңыча тариз чыгарат. Мурдагы оюнчунун формасын кайталабоо шарт. Бул оюнду экиден оюнчу ойнойт, аны каалаган жерде – үйдө, көчөдө, боз үйдө ойной берүүгө болот. Өзгөчө даярдыкты талап кылбайт. Жаштар арасында, өзгөчө кыздар арасында, кеңири тараган оюн.
Чатырашмай кызыктуу оюн, ойноо учурунда оюнчулар ар кандай жаңы тариздерди ойлоп табууга аракет кылып, ким алдыга чыгат деп атаандашып, ой жүгүртүүсүн жана кол жөндөмүн жана чеберчиликти өркүндөтөт.
Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет
Орто