Жоолук таштамай – чүпүрөк же жоолук колдонулуучу байыркы салттуу топтук кыймыл оюндардын бири. Оюн талаа-түздө бирдей ойноло берет. Бул оюн балдардын зиректигин, сезимталдыгын, угуу жана байкоо сезимдерин өнүктүрөт.
Топтун ичинен бир оюнчу башчы болуп дайындалат, калган оюнчулар тегеректеше отурушат. Ал отургандардын сыртынан тегеренип жүгүрүп, жоолукту алардын биринин артына билинбей таштап кетет. Эгер оюнчу жоолукту көрүп калса, аны алып башчыны кубалап жетип, жеңил ургулап чапкылап, андан соң тез ордуна барып отурат. Эгер оюнчу жоолукту көрбөй калса, башчы айланып келип жоолукту алып, анан отурганды тургузуп ургулайт. Андан кийин ал жоолукту колго алып оюнду улантат, мурунку оюнчу болсо тегеректен орун алып, оюн уланат.
Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет
Сейрек кездешет