Аркан тартыш – кыргыздардын кеңири тараган жуптук күч сыноо кыймылдуу оюнунун бири. Байыртан аны көбүнчө аш-тойлордо, майрамдарда өткөрүп келишкен. Учурда мектептерде дене тарбия сабактарында ойношот. Оюн чыдамкайлыкты, күчтү жана эптүүлүктү талап кылат. Негизинен жигиттер же эркектер ойноп, кээде топтук түрдө да өткөрүлөт.
Оюнга 8-10 обнчу катышып, экиден кезектешип күч сынашат. Оюн үчүн 7-8 метрлик аркан же боз үйдүн кыймасы колдонулат. Жерге сызык чийилет. Эки оюнчу арканды моюнуна салып, колтуктан өткөрүп, бири-бирине карама-каршы турууга милдеттүү. Экөө тең сызыктан бирдей аралыкта туруп, арканды керип даяр болушат. Калыстын белгисинен кийин ар кимиси атаандашын өз тарабына тартып алыыгу аракет кылат. Ким атаандашын сызыктан өткөрсө, ошол жеңет.
Эгер кимдир бирөө калыстын белгисине чейин арканды тартып баштаса, оюн кайрадан кайталанат. Топтук оюнда да ошол эле эрежелер сакталат – кайсы топ атаандаштарын өз тарабына тартып өтсө, ошол топко упай берилет.
Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет
Орто