Так теке – комуздун күүсү жана буттун кыймылы аркылуу жыгачтан жасалган кичинекей тоо текенин сөлөкөттөрүн кыймылга келтирүү өнөрү. Кыргыз элинин салттуу куурчак театры деп кабылдаса болот.
Кичинекей жыгач куурчакчалар, атайын жасалган тоо-таш көрүнүшүндөгү түзүлүшкө орнотулат. Аны комузчу манжалары жана буту аркылуу кыймылга келтирет. Текенин кыймылы комуздун күүсүнө шайкеш келет. Оюнга балдар гана эмес, чоңдор да кызыгып көрүшөт. Кээде текеден тышкары аны кармоого аракет кылган же жаа менен аткан мергендин куурчагын да колдонушат.
Мурун «Так текени» адатта куурчак театрынын чебер аткаруучулары көрсөтүшкөн. Айрым учурларда балдар үйүнүн же мектептеги көркөм ийримдерде эмгек жана музыка мугалимдеринин жетекчилиги астында «Так текени» жасап, сахнада ойноп көрсөтүшчү. Учурда бул оюн дээрлик унутта калып, сейрек гана кездешет.
Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет
Жоголуу коркунучунда