/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жырым, майрамдар
Өрүм / Белек ырымдоо

«Өрүм» – үйлөөнү той учурунда бийлеген же ырдаган адамдарга суктанууну жана ыраазычылыкты билдирүү жөрөлгөсү. Ал тойдун маанайын көтөрүп, аркаруучулук өнөрдүн баркын баса белгилейт.

Көрүүчүлөр акчаны белек кылганда аны алгач аткаруучунун башынан айлантып, андан кийин чөнтөгүнө же топусунун алдына кыстырып коюшат.

Бүгүнкү күндө «өрүм» кеңири колдонулуп келет, айрыкча чоң үйлөнүү тойлордо. Ал той адебинин бир бөлүгү жана урмат көрсөтүүнүн жолу катары кабыл алынат. Бул салт салттуулукту гана сактап тим болбостон, коом ичиндеги мамилелерди дагы бекемдейт.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Уйгур коомдоштугунун диний жана маданий ишмерлери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Асанканов, А. Кыргызстандагы уйгурлар. – Бишкек, 2014.
  • Зульпикар, М. Уйгурлардын ырым-жырымдары жана салттары. – Алматы: Мир, 2010.
  • Халипаева, И. А. Кумыктар менен уйгурлардын үйлөнүү тойлору: ырым-жырымдык жана мифологиялык аспект // Түрк дүйнөсүнүн жарчысы. – 2015. – № 1(8). – Б. 10–15.