«Өйлиниш той кечилиги» – салтанаттуу үйлөнүү той негизинен жаштарга багытталган. Ал ыр-бий жана шаңдуу маанай менен коштолот. Азыркы учурда ал көбүнчө тойканаларда өткөрүлөт. Үйлөөнү тойго кыз менен жигиттин жакындары тең катышат, бирок негизги уюштуруучулар күйөө тараптын туугандары болот.
Той үч бөлүктөн турат, алардын ортосунда тыныгуулар болот. Кеченин эң маанилүү учуру – жаш жубайлардын бийи, анда көптөгөн «өрүм» – белек ырымдоо жөрөлгөлөрү жасалат. Бүгүнкү күндө «өйлиниш тойи» кеңири өткөрүлүп, улам сайын жаңы көрүнүштөр менен байып бара жатат.
Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет
Жандуу, кеңири кездешет