/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы
Әнъәнивий музыка / Салттуу музыка

«Әнъәнивий музыка» – салттуу музыка уйгурлардын дүйнө таанымын аныктап келет. Аталардан балдарга, урпактан урпакка салттуу күүлөр өтүп турган. Ошонун бири – «Ташвай». Бул күү кылымдар бою жаралып, өркүндөп келген чыгармалардын бири. Ушундай күүлөр мукамдардын күүлүк көлөмүн кеңейтип, обондордун байлыгын арттырат.

Аймак

Кыргызстандын Чүй, Ош жана Ысык-Көл аймактарында кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Салтуу оозеки чыгармачылык жана аткаруучулук өнөр ээлери
  • Фолклордук ансмаблдер жана көркөм чыгармачылык топтор
  • Бийчилер жана аткаруучу-өнөрчүлөр

Коргоо иштери

  • Кыргызстандагы уйгур коомдоштуктары балдар үчүн атайын ийримдерди түзүүгө аракет кылышат. Максаты – жаш муунга өз элинин тилин, ыр-күүлөрүн, бийлерин жана кол өнөрчүлүк ыкмаларын үйрөтүп, ата-бабадан калган маданий мурасты сактап калуу жана жаштардын арасында жайылтуу.

Адабият/Шилтеме

  • Кибирова, С. Н. Уйгурлардын салттуу маданиятындагы музыкалык аспаптар. Искусствоведение илимий кандидаты даражасына диссертациянын авторефераты: 17.00.02 / Кибирова Санат Низамовна; Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кино институту (ЛГИТМиК). – Ленинград, 1989. – 23 б.