/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жырым, майрамдар
Қәдир кечиси / Кадыр түн

«Қәдир  кечиси» – Кадыр түн Рамазан айындагы эң ыйык жана маанилүү түн, «Кудурет түнү» деп да аталат. Бул түн Рамазан айынын акыркы он түнүнүн биринде белгиленет. Эл ишениминде дал ушул кечте кылган дуба-жакшылык, кечирим сураган тилектер өзгөчө кабыл болот деп айтылат.

Бул түнү мусулмандар жакшы иштерди жасап, Кудайдан ден соолук, узак өмүр тилеп, күнөөлөрү менен кемчиликтери үчүн кечирим сурашат. Уйгур эли бул түнгө чоң маани берип, аны зор урмат-сый менен тосуп өткөрөт.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Уйгур коомдоштугунун диний жана маданий ишмерлери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме