Қурут – уйгур элинин көчмөн жашоо түзүмүнө байланышкан жана коңшу элдердин таасирин да камтыган салттуу кычкыл сүт азыгы. Ал кургатылган сүзмө болуп эсептелет. Ачыган сүттөн сүзмө алынат, сыгылып, кичинеден тоголоктолуп анан күнгө кургатылат. Қурут узак убакытка сакталуучу жана азыктык наркы жогору болгондуктан, аны жолдо жүргөндө же узак сапарларда көбүнчө колдонушкан.
Бүгүнкү күндө қурут негизинен Кыргызстаннын бардык аймактарында кеңири таралган, бирок уйгур коомдоштугунун арасында анын жасоо салты алсыз.
Кыргызстандын Чүй жана Ысык-Көл аймактарында кездешет
Сейрек кездешет