«Қурван һейт» – уйгур элинин эң башкы диний майрамдарынын бири, курмандык майрамы катары белгилүү. Эртең менен эр-азаматтар таң намазына чейин ооз ачпай, такбир айтып (Алланын даңкын айтып) жөө намазга жөнөшөт. Намаздан кийин бири-бирин майрамы менен куттуктап, андан соң бейиттерге барышып, каза болгон туугандарын эстеп куран окушат.
Майрамдын эң негизги жөрөлгөсү – курмандык чалуу. Салт боюнча союлган малдын эти үчкө бөлүнөт: бир бөлүгү үй-бүлөдө калат, экинчиси тууганурук жана коңшу-колоңго таркатылат, үчүнчүсү муктаждыгы бар үй-бүлөлөргө берилет. Бул иш-аракет менен кайрымдуулукка, боорукерликке жана коом алдындагы жоопкерчиликке басым жасалат.
Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет
Жандуу, кеңири кездешет