/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жырым, майрамдар
Қирқ су / Кыркын чыгаруу

«Қирқ су» – бала төрөлгөндөн кийин кыркынчы күнү өткөрүлүчү салттык жөрөлгө. Жөрөлгөнүн негизги бөлүгү – ымыркайды сууга салуу. Ал сууга ар бир чакырылган аял аз-аздан суу кошуп, батасын жана жакшы каалоолорун айтат. Андан кийин ымыркайды салтанаттуу түрдө бешикке бөлөшөт. Ошондуктан бул күн «бешик той» деп да аталат.

Бүгүнкү күндө «кырк суу» айрым жерлерде, өзгөчө шаар шартында, үзгүлтүксүз аткарылбай калган. Бирок салттуу коомдоштуктарда жаңы төрөлгөн баланы баталоо жана уруунун биримдигин бекемдөө үчүн улантылып келе жатат.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Орто

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Уйгур коомдоштугунун диний жана маданий ишмерлери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Асанканов, А. Кыргызстандагы уйгурлар. – Бишкек, 2014.
  • Зульпикар, М. Уйгурлардын каада-салты. – Алматы: Мир, 2010.