/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу тамак-аш
Қетиқ / Кетик

«Қетиқ» – айранга окшош салттуу кычкыл сүт азыгы, бирок коюураак, каймак сымал тыгыздыкка ээ. Аны сүттү ачыткандан кийин даярдашат, ошондо даяр болгон азык коюу жана майлуу даамга ээ болот.

«Қетиқти» өз алдынча даам катары да жесе болот, ошондой эле башка салттуу тамактардын негизги кошулмасы катары да колдонулат.

Аймак

Кыргызстандын Чүй жана Ысык-Көл аймактарында кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Жеке ашпозчулар жана салтуу уйгур ашкана сүйүүчүлөрү
  • Уйнур коомдоштугунун маданий жана өнөрчүлөр бирикмелери

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • С.Н. Абдуллаев, Карагулова А.И. Караколдун бренддик тамактарындагы маданияттар аралык баарлашуунун чагылдырылышы // Жаштар илими – Коми Республикасынын туруктуу өнүгүүсү. – Сыктывкар, 2022. – Б. 97–103.