/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу тамак-аш
Җын мәмә, җуанҗуанзы

«Җын мәмә, җүанҗүанзы» – ачытылган камырдан жасалып, бууга бышырылган токоч. Анын бир түрү «җүанҗүанзы» – кат-кат катталган, жыпар жыттуу татымал («щёнду») кошулган токоч.

Бул токоч дунгандардын күнүмдүк турмушунда негизги нан катары колдонулуп келген. Ошондой эле майрамдарда жана ар кыл каада-салттуу күндөрдө дасторкондун негизги бөлүгүн түзөт.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери
  • Кесипкөй ашпозчулар жана салттуу даам сүйүүчүлөрү

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар чанда аткарылганы менен салттуу дунган ашканасы боюнчадаам-тамактарды даярдоо китептери чыккан.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Юсурова З. Г. Дунгандардын тамак-ашынын рецепттери. – Бишкек, 2016.
  • Юсуров Х. Ю., Юсурова З. Г. Дунгандардын ашканасы. – Фрунзе: Кыргызстан, 1988.