«Җуан выр» – кышында ойнолчу чимирик оюну. Бул оюнда жыгачтан жасалган чимирикке башында жыгач кармагычы бар жип оролот. Жыгачтын башы менен урганда чимирик айланып баштайт, кийинки соккулар анын айлануусун күчөтөт. Азыр болсо бул оюн эл ичинде сейрек ойнолуп, акырындап жоголуп бара жатат.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жоголуу коркунучунда