/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу музыка
Ёнчин

«Ёнчин» – кылдуу салттуу музыкалык аспап, формасы боюнча цимбалага окшош. Темир кылдары бар бул аспапты атайын тактайчага жантыгынан коюп, үнү майда таякчалар менен кагуу аркылуу чыгарылат.

Бул аспап ансамблдик аткарууда негизги орунду ээлейт, бирок ошол эле учурда өз алдынча (соло) аспап катары да колдонулуп, аккорддорду ойногонго жарайт. Айрым адабияттарда бул аспап Кытайга Персиядан XIV–XVII кылымдарда келген деген пикир айтылат. Башкача айтканда, анын пайда болушуна мусулман калкынын таасири болушу мүмкүн.

Аймак

Чүй облусунун Александровка жана Милянфан айылдарында кездешет.

Абалы

Жоголуу коркунучунда

Коомдоштук

  • Чүй облусунун Александровка жана Милянфан айылдарында жашаган дунгандар
  • Салттуу аспапчылар жана аспап сүйүүчүлөр
  • Салттуу музыка сүйүүчүлөрү

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар дээрлик аткарылбайт.
  • Бүгүнкү күндө Кыргызстанда салттуу аспаптарды колдонуу барган сайын азайып баратат.

Адабият/Шилтеме

  • Сушанло М. Я. Дунгандар. – Фрунзе : Илим, 1971.
  • Талаа материалдары