Эр эңиш – ат үстүндөгү эки жигиттин бири-бирин ээрден сүйрөп түшүрүүгө багытталган күч сынашуу оюну. Бул оюн байыркы доорлордон бери белгилүү: илгери баатырлар куралсыз калган учурда жоо менен жалаң кол күчү менен алышкан. Кийинчерээк бул көндүм спорттук оюнга айланып, жигиттерди согушка даярдоонун бир формасына айланган.
«Манас» эпосунда Көкөтөйдүн ашында кыргыз баатыры Чыноончу менен кытай дөөсү Шаңдөөгөрөм менен эр эңишке түшкөнү сүрөттөлөт.
Бул оюн жигиттерди күчкө, чыдамкайлыкка, айбаттуулукка жана баштаган күрөштү соңуна чейин жеткирүүгө тарбиялайт.
Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет
Жандуу