«Эрҗуйзы модан» – пион гүлүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тегерек сөйкө. Ал узак өмүргө болгон тилекти билдирет. Кытай маданиятында «модан» деген сөздүн бир бөлүгү – «дан» – «өлбөстүктүн дарысы» дегенди түшүндүрөт. Бул сөйкө көбүнчө «тал жалбырагынын» – «люезы» түрүндөгү шуру менен айкалышып жасалат. Тал жалбырагы жаштыктын, сулуулуктун, ден соолуктун жана жаңылануунун белгиси катары саналат.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет