/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жөрөлгө жана майрамдар
Щүхади щифур / Убадаланган кыз

«Щүхади щифур» – алдын ала убадаланган кыз дегенди туюнтат. Бул салт боюнча кызды үй-бүлөлөр ортосундагы келишим менен белгилүү бир жигитке алдын ала убада кылышкан. Мындай жөрөлгө айрыкча үй-бүлөлөр жакын болгондо жана туугандык байланышты чыңдоону каалаганда колдонулган.

Айрым учурда сүйлөшүү кыздын балалык кезинен башталып, ал келечекте кайсы үйгө келин болуп барарын кичинесинен билип чоңойгон. Мындай абалда кызга башка бирөөгө турмушка чыгууга жол берилбеген, антпесе коомчулуктан бөлүп салуу коркунучу күчтүү болгон.

Учурда сейрек кездешет, кездешкен учурда кыздын макулдугу жок аткарылбайт.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет

Абалы

Сейрек кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар дээрлик аткарылбайт.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Джон А.А. Дунгандардын каада-салттары, ырым-жырымдары жана ишенимдери. – Бишкек, 2016.