«Щё Эрди» – үч күн бою белгиленчү Орозо айт майрамы. Орозо бүткөн соң мечитте айт намаз окулат. Андан кийин эркектер көрүстөнгө барып, бул дүйнөдөн өткөн урук-туугандары үчүн куран окушат. Ошондон соң, адатта, үй-бүлөнүн башчысы туугандарын, жакындарын кыдырып чыгат. Үйдө болсо аялы же үйдөгү бир эркек калып, конокторду тосот. Ар бир үйдө дасторкон жайылып, майда даамдар жана таттуу-тарапалар коюлат. Кирген конок биринчи кезекте куран окуп, анан даам оозтийет. Чайдан кийин жеңил тамак жеп, соңунан ысык тамак тартылат. Бирок кыдыра турган урук-туугандын саны көп болгондуктан, айттаганда аз-маз гана даамданышат.
Бул майрамда балдар айыл аралап, каалаган үйгө кирип чыгып айтташат. Куранды билгендер дуба кылышат, билбегендер үй ээси менен жөн саламдашышат. Балдарга белек-бечкек, таттуу-тарапа таратылат, өзгөчө куран окуп бергендерди сыйлашат. Майрамдын биринчи күнү эң шаңдуу өтөт. Калган күндөрү болсо эл биринчи күнү кирбей калган үйлөргө барышат же башка айылдарга тууган-туушкандарына, досторуна барып куттукташып, жүз көрүшөт.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет