/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Хуэйзў/хуэйцзу тили
Шэнщи хуа / Шэньси тили

«Шэнщи хуа» – сөзмө-сөз которгондо «Шэньси тили» дегенди билдирет. Бул аталыш Кытайдын Шэньси провинциясынан чыккан. Кийин Кыргызстанга көчүп келгенге чейин ушул аймакта жашаган дунгандар бул диалектте сүйлөп келишкен. Шэньсий диалектти бүгүнкү күнгө чейин оозеки сүйлөшүү, үй-бүлө жана күнүмдүк турмуштагы баарлашуу аркылуу муундан-муунга өтүп сакталып келет.

Аймак

Кыргызстанда шэньсий диалектинде сүйлөгөн коомдоштуктар жана билим ээлери негизинен Чүй облусундагы Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдарында жана Токмок шаарында жашашат. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында жана башка айрым аймактарында да чачырап отурукташкан.

Абалы

Жандуу жана кеңири колдонулат

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Шэньси диалекти жана дунган тили боюнча адистер жана тил таануучулар

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар чанда аткарылганы менен күнүмдүк турмушта жана оозеки баарлашуу аркылуу сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Яншансин Ю.Я. Ганьсуй жана Шэньсий диалекттери. – Фрунзе; Казань, 1938