«Чөшүрә» – сырткы көрүнүшү чүчпарага окшош болгону менен, жасоо ыкмасы жана берилишинде өзгөчөлүктөрү бар уйгур элинин салттуу тамагы.
Бул даамдын негизги сыры – камырды туура даярдоодо. Камыр «эс алууга» коюлуп, жумшак жана ийкемдүү болгон соң, кичинекей тоголокторго бөлүнөт. Ар бир тоголок жазы болуп жайылтылып, кайрадан оролуп, төрт бурчтукка (5 смдей) кесилет да, ошол калыбынан чүчпара түйүлөт.
Ичине салынуучу фарш майдаланган эттен, ич майдан, майда тууралган пияздан, кара жана кызыл калемпирден даярдалат. Бул татымалдар ич майга жыпар жыт берет. Чөшүрөнүн өзгөчөлүгү – аны бышыруучу шорпосу. Сөөктүү эт кайнатылып, андан чыккан майлуу сорпо бөлүнүп алынып, ага түйүлгөн чөшүрөлөр салынып, жай отто бышырылат. Бул ыкма камырды бекем, ич майын ширелүү бойдон калтырат.
Дасторкого тартуунун алдында даярдалган даамга куйрук май, майдалап тууралган кургатылган помидор, пияз жана кинза кошулат. Ошондо чөшүрөнүн шорпосу жыпар жыт таткан өзгөчө даам берет. Чөшүрө өтө тоюмдуу, дене жылытуучу тамак болуп эсептелет. Өзгөчө кышкы суукта дасторкондо көп кездешет.
Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет
Жандуу, кеңири кездешет