«Чөп аш» – этти, жашылчаны жана камырды айкалыштырып, канык жана топуктуу даам.
Негизинен жаш козунун этин жумшарганча бышырып алынат. Андан кийин эт майдаланып тууралат. Бышкан шорпого жашылчаларды салып бышырып, аларды да майдалап туурап эт менен аралаштырылат.
Камыр үчүн камырды жука жайылып, майда тилкелерге кесилет. Алар да шорпого салып бышырылат. Андан кийин камырды бир аз шорпосу менен кошо чыгарып, эт жана жашылча менен жасалган жыттуу чык үстүнө куюлат.
Бул тамактын даамы өтө канык, табит ачар жана уйгур элинин дасторконунда өзгөчө орунду ээлейт. Айрыкча кышкысын, суук маалда денени жылыткан, тойгузуучу тамак катары кеңири жасалат.
Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет
Жандуу, кеңири кездешет