/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жырым, майрамдар
Чәмбирәк уссули Сама / «Сама» чимирик бийи

Эркектердин чимирик бийи «Сама» – уйгур элинин байыркы дүйнө таанымын чагылдырган өзгөчө бийинин түрү. Эл ишениминде анын тарыхый мааниси менен баалулугу мындай түшүндүрүлөт: – «Сама» байыркы ата-бабалардын ааламдык түшүнүктөрүнө байланыштуу. Чимирилген кыймылдар менен бий дүйнөнүн түзүлүшүн жана планеталардын айлануу кыймылын элестетет. Бул жерде ар бир кыймыл жөн эле кооздук эмес, ааламдын тартибин белгилөө болуп эсептелет.

  • Жаратылыш менен биримдик – бийде жер менен асмандын, адам менен табияттын биримдиги чагылдырылат.
  • Жашоонун жеңиши – айланма кыймылдар жашоонун уланышын, кубанычты жана бакубат жашоону билдирет.
  • Жамааттык биримдик – эркектердин чимирилип бийлөөсү коомдоштуктун ынтымагын жана достукту тастыктайт. 

«Сама» – жөн гана бий эмес, бул – руханий тажрыйба, жашоо философиясынын көркөм көрүнүшү. Уйгур маданиятында ал жогорку касиетке ээ болуп, каада-салттар менен байланышты сакталып калган.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Сейрек кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Салтуу оозеки чыгармачылык жана аткаруучулук өнөр ээлери
  • Фолклордук ансмаблдер жана көркөм чыгармачылык топтор
  • Бийчилер жана аткаруучу-өнөрчүлөр

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • Бейзаттык маданий мурас жана маданий белгилердин трансформациясы» долбоорунун алкагында 2022-жылы Айгине маданий-изилдөө борбору Каракол шаарында жашаган уйгур өкүлдөрүнүн демилгесин колдогон. Алар өздөрүнүн маданий мурастарын документтештирүү үчүн «Караколдогу Сама бийи: маданият аркылуу элдилүүктү сактоо» аттуу кыска метраждуу даректүү тасманы жарыкка чыккан. Маданий мурастын сактоочулар жана билим ээлери уйгур элинин элдик бийинин маанисин кайрадан түшүндүрүп, анын аткарылышын калыбына келтирүүгө жана тарыхый документ катары каттоого аракет кылышкан.

Адабият/Шилтеме

  • Асанканов, А. Кыргызстандагы уйгурлар. – Бишкек, 2014.
  • Зульпикар, М. Уйгурлардын каада-салты. – Алматы: Мир, 2010.
  • Абдуллаева, Н. Уйгурлардын маданияты тамак-аш сөздүгү, ысымдар жана байыркы хореографиянын күзгүсүндө. – Саарбрюккен, 2023.