/ Дунган (хуэйзў/хуэйцзу) элинин бейзаттык маданий мурасы / Каада-салт, ырым-жөрөлгө жана майрамдар
Чү щифур / Куда түшүү

«Чү щифур» – салттуу куда түшүү жөрөлгөсү. Бул жөрөлгөдө кыздын колун сурап барган куда же кудагый («мыйжын») негизги орунду ээлейт. Убагында, куда түшүү өзүнүн тартиби жана баскычтары менен өткөрүлгөн. Алгач кудалар жигиттин ата-энеси тарабынан өз үй-бүлөсүнө ылайык кыз издөөнү баштаган. Көп учурда кудалашуу мурдатан бири-бирин жакшы билген үй-бүлөлөрдүн ортосунда болгон.

Кыз тандалгандан кийин анын үйүнө кудачалар же жеңелр жөнөтүлгөн (көбүнчө жигиттин улуу-урматтуу туугандары). Алар чай, таттуу, мөмө сыяктуу белек алып барып, эки үй-бүлөнүн кудалашууга болгон каалоосун билдиришкен. Бирок алгачкы жолу эле кыздын үйү макулдугун берген эмес.

Эгер кыздын үйү макул болсо, анда расмий куда кудалашуу башталган. Ал үчүн атайын күн белгиленип, жигит тарап «щё ли» (кичине белектер) жана «да ли» (чоң белектер) көтөрүп барган. Бул белектер тойго жана кыздын себине кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн жабууга арналган. Ошондо эле күнү, кыздын сеп маселеси жана башка уюштуруучулук иштер сүйлөшүлгөн.

Жөрөлгө толук бүткөндөн кийин, дунган коомчулугу эки жашты расмий «колукту жана күйө» деп эсептеген. Ошол мезгилден тарта кызды коштоосуз сыртка чыгарууга уруксат берилген эмес, анткени ал келечектеги келин катары санала баштаган.

«Тун-ён щифур» – бул салт боюнча, жигит менен кыз бир үйдө чоңоюп, чогуу тарбия алган учур. Көбүнчө кыздын үйүндө уул бала жок болсо, анын ордуна баланы тарбиялап алып, кийин кызга үйлөндүрүү шарты коюлган. Ошентип жаштар башынан эле бири-бирине дайын болгонун билип чоңоюшкан.

Аймак

Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Чүй жана Ысык-Көл аймактарында жашаган дунган коомдоштуктары
  • Салттуу билим ээлери

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар дээрлик аткарылбайт.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Джон А.А. Дунгандардын каада-салттары, ырым-жырымдары жана ишенимдери. – Бишкек, 2016.