/ Кыргыз элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу оюндар
Чүкө атмай

Чүкө атмай – кыргыздын эң байыркы улуттук чүкө оюндарынын бири. Бул оюн көптөгөн түрлөргө бөлүнөт: «Үч тапан», «Сака-чүкө аралаш», «Чүкө чертмей», «Чабыш», «Айкур», «Ачакей-жумакей», «Ашык», «Жыдымай», «Кан таламай», «Коюм тап», «Көтөрмөй», «Таа» жана башка көп сандагы түрлөрү бар.

Кыргыздар илгертеден мал чарбачылык менен алектенип, койдун чүкөсүн балдар да, чоңдор да оюнга колдонушкан. Өзгөчө кыштын узун түндөрүндө, суук күндүздөрүндө чүкө оюну кеңири жайылган. Чүкө атмай жаштардын көздүн тактыгын, колдун ишенимдүүлүгүн, тез эсептөөнү, байкоочтукту жана тактык сапаттарын, согуштук тактика элементтерин (тура аттуу, максатка жетүү ыкмаларын) өнүктүргөн.

Чүкө тууралуу кыргыз жазуучуларынын чыгармаларында, ошондой эле «Манас» эпосунда да көп айтылат. Бул оюнду кыргыздар гана эмес, казак, түрк, монгол сыяктуу башка көчмөн элдер да ойноп келишкен.

Бүгүнкү күндө бул оюн кайрадан жанданып, атайын Чүкө оюну федерациясы түзүлгөн.

Аймак

Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет

Абалы

Сейрек кездешет

Коомдоштук

  • Салтуу кыргыз үй-бүлөлөрү
  • Салттуу билим ээлери
  • Мугалимдер жана дене тарбиячылар
  • Фольклордук ансамблдер жана этномаданий бирикмелер
  • Салтуу жаштар уюмдары жана бирикмелери
  • Спорт федерациялары

Коргоо иштери

  • Маданий мурас катары изилдөө, сактоо жана өнүктүрүү боюнча атайын демилгелер жана иш-чаралар чанда кездешкени менен мурас жөнүндө маалымат адабий булатарда, илимий макалаларда жана дене тарбия сабактарына ылайыкталган окуу программаларында кездешет.
  • Маданий иш чараларда, майрам-салтанаттарда маданий мурас катары көрсөтүлүп, ойнолуп келет.
  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү иретинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.

Адабият/Шилтеме

  • Алимбеков А. Кыргыз этнопедагогикасы. Б., 1996.
  • Анаркулов Х.Н. Кыргыз эл оюндары. – Ф., 1981.
  • Максутов Т. Мырсабеков А. Улуттук педагогиканын негиздери. – Ош, 1996.
  • Саралаев М. Кыргыздын улуттук спортунун түрлөрү. Ош, 1993.
  • Сейдалиев К. Элдик педагогиканын булактары. – Ош, 1998