/ Уйгур элинин бейзаттык маданий мурасы / Салттуу кол өнөрчүлүккө байланыштуу билимдер жана тажрыйбалар
Чойла тоқуш / Чыпка жасоо

«Чойла тоқуш» – бул тал же терек бутактарынан өрүп чыпка жасоо өнөрү. Өрүлгөн чыпка тегерек таризде, узун сабы бар черпектей болуп чыгат.

Аймак

Кыргызстандын уйгур коомдоштугу жашаган бардык аймактарында. Айрыкча Бишкек шаарында жана анын айланасында, Чүй облусунун Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда; Ош облусунун Кара-Суу районунда; Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында, ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кездешет

Абалы

Жандуу, кеңири кездешет

Коомдоштук

  • Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган уйгур коомдоштугу
  • Салттуу билим ээлери
  • Жеке кол өнөрчүлөр жана кол өнөрчүлөр топтору

Коргоо иштери

  • Күнүмдүк турмушта улуу муундан жаш муунга тарбия берүү ирээтинде жана тажрыйба бөлүшүү жолу менен сакталып келет.
  • 1989-жылы негизделген «Иттипак» коомдук бирикмеси уйгур маданий мурасын сактоо боюнча жигердүү иш жүргүзүп келет. Маданий мурастар боюнча маалымат жана тиешелүү иш-чаралар ошол эле аталыштагы гезитте маал-маалы менен жарыкка чыгып турат.

Адабият/Шилтеме

  • Каримова Р. Уйгур элинин салттуу көркөм кол өнөрчүлүгү жана устачылыгы. – Алматы, 2005.