«Чимян бинзы» – ачытылган камырга ысык сууга аралаштырылган сода кошуу аркылуу жасалган даам. Камыр жайылып, ысык майга салынып, кызарганча куурулат. Ысык бойдон тартылып, ар кандай куурулган жашылчалар менен кошумчаланат.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет