«Че мян, мян пяр, мян гәда, җянмян» – кесилген кесмелер. Чоюлган кесмеден тышкары дунгандардын салттуу ашканасында бычак менен кесилген кесме да («че мян») колдонулат. Ал кичинекей бөлүкчө же узун жана ичке болуп кесилет. Узун кесме адатта көп кишиге даярдалып берилчү «тонҗянмян» – «содалуу кесме сорпосуна» колдонулат. Бул узун кесме узак өмүр тилегин билдирчү белги.
«Мян пяр» – эл ичинде «манпар» деп белгилүү. Анын мааниси – «камырдын майда бөлүкчөлөрү». Бул кесме ар кандай жол менен даярдалат: камырды жайып туруп төрт бурчтап кесүү, же жука жайылган камырды майда бөлүп-бөлүп кайнап жаткан сууга салуу. Бышкан камырга лагмандыкындай жашылча жана эт кошулган сорпо берилиши мүмкүн. «Мян пяр» айрым учурда шорпо-аш болуп да берилет.
«Мян гәда» – «камырчалар» деген маанини билдирет. Камырды майда кесип же үзүп, кайнап жаткан сууга салат. Ал даяр болгондон кийин жашылча кошулган чыкка, же гарнир катары кошумча тамакка колдонулат.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет