Чатыраш – кыргыздардын ата-бабалары ойноп келген байыркы акыл оюндарынын бири, шахматка окшош. Илгери чатыраш боюнча таймаштар өткөрүлүп, ага улуу-кичүү дебей баары катышкан.
Чатыраш кыргыздарда көбүнчө майрамдык, чоң жыйындарда ойнолгон. «Манас» эпосунда да Манас баатыр, анын уулу Семетей жана небереси Сейтек чатырашка кызыгуу менен ойногону сүрөттөлөт. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында мындай саптар бар:
Эки жүзчө адамы,
Бакылдашып ордо атып,
Чатыраш оюн салыптыр.
Бул оюн акыл-эс ой жүгүртүүнү, ылдамдыкты, терең ойлонуу жана тез чечим кабыл алуу жөндөмүн өнүктүрөт.
Оюн атайын 2–5 см калыңдыктагы, 31×21 см өлчөмдөгү тактайда ойнолот. Тактайга 32 даана таш коюлат: 16 ак таш бир оюнчуга, калган 16 башка түстөгү таш экинчи оюнчуга таандык.
Кыргызстандын бардык аймактарында кездешет
Унутта калган