«Цо жу, дун жу, ко жу, җў жу, за жу ванзы, жу ванзы» – этти ар кандай бышыруу ыкмалары – куурулган, демделген, көмөчтө бышырылган, кайнатылган, кадимкидей бышырылган эт, котлет же фрикаделька.
«Гуй жу» – этти ичке тилкелеп кескен түрү, ал эми «суй жу» – этти мап-майда кескен түрү. Мисалы: «суй жу цэ» – жашылчалар менен майда кесилген этти кууруп жасаган тамак. Ушундан улам уйгур ашканасындагы «суйру лагман» деп айтылышы – жашылчалардын чык менен жана майда кесилген эт менен жасалган түрү дегенди билдирет. Эгер «гуй жу» – этти тилкелеп кесүү болсо, анда уйгур ашканасындагы «гуйру лагман» – этти тилкелеп кесип, жашылча чыгына кошуп жасалган дегени.
Чүй облусунун Искра, Кеңбулун, Хун Чи, Дмитриевка айылдары, Токмок шаары, ошондой эле Александровка жана Милянфан айылдарында; Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында; Каракол жана Бишкек шаарында жашаган дунгандарда кездешет.
Жандуу, кеңири кездешет